«Биринчи мугалим» тасмасында окуучу кезинде тартылган биздин айылдаш.

   Советтик  киноматографиясынын  чыгаан актерлорунун бири , Суймонкул Чокморов  менен кинотасмаларга тартылган   Насердин Дубашев, Саадаш  Абдылдаева атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.

» Саламатсызбы  урматтуу Насредин  Дубашов ата . Бизге маек куруп берип жатканынызга рахмат»

«Силерге да рахмат «.

Суроо: » Сиз канча жашыныздан баштап киного тартылып  баштадыныз эле»?

Жооп: «Силерге окшоп окуучу  болгон кезимен  тартылып  баштагам. Тагыраак айтсам 3-4 класс болчумун .»

Суроо:»Сиз  кайсы каарманынызды  жактырасыз»?

Жооп: «Мага эки  каарманым  жагат жана жакынырак сезилет .Алар  Айтматовтун  «Жамиля» чыгармасынын негизинде тартылган  кинодогу Сейиттин ролун жана Туломуш Океевтин » Бакайдын жайыты» деген тасмасындагы Калыктын  ролу мага жакын. Себеби озум да кичине кезимен атам менен мал багышып журуп калгам»

Суроо: «Сиздин тартылган биринчи тасманыз ?»

Жооп:»Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим»  тасмасы. Бул кино 1964 жылы тартылган»

Суроо: «Кайсы актерлук окуу жайды аяктадыныз эле?»

Жооп: «Мен жаш балдардын образын жараткандыктан атайын окууну окуган эмесмин. Бул баягы туубаса мумкунчулук  деп эсептейм.»

Суроо: «Азыркы кыргыз киносу жонундо ойунуз кандай ?»

Жооп: «Кыргыздын жаш режисерлору коп. Алар колунан келген тасмаларды тартып жатышат. Бул жакшы корунуш. Айта турган бир гана нерсе, тасманын мазмунун, сапатын ондоо керек.»

Суроо: «Уй булоонуз жонундо айтып беринизчи ?»

Жооп: «Мен озум алты бир тууганмын. Эки кыз бир уулдун атасымын.Азыр ардактуу эс алуудамын»

Суроо: «Жаш муунга каалоо тилегинизди айтып коёсузбу»

Жооп: «Балдарым силерге кааларым коп билм алууга умтулгула. Адептуу жана ыймандуу жаштардан болгула.»

Насердин Дубашев менен болгон маек.

 

Жаш журналистер суроо берип жаткан учурда.

Эстелике сурот.

Даярдагандар: Артык кызы Гулназ, Осконова Эркайым, Оморбекова Аяна,Орозбекова Аяна, Медербекова Сайкал.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *