Жергиликтуу эл Нагой протоколу менен таанышты

   Кызыл Туу айылынын тургундары эми жергиликтуу генетикалык ресурстарды адилеттуу пайдалануу тууралуу кенири билишет.

Бул семинар «Айыл онуктуруу» коомдук фонду тарабынан каржыланып откорулуп жатат. Иш чаранын негизги максаты жергиликтуу калктын генетикалык ресурстар боюнча билимин оркундотуу.

«Аманат Омур» коомдук фондунун жетекчиси бул проекти жонундо кенири маалымат берди. Катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

«Айыл онуктуруу» коомдук фондунун (РДФ) жетекчиси Кулийпа Акматова чогулгандарга жонокой тил менен абдан жакшы тушундуруп берип элдин кызыгуусун жаратты.

«Сиздер жергиликтуу эл болгондуктан озунордун жеринерде кандай пайдалуу осумдуктор осорун билесинер. Эми ушул байлыкты туура колдонуп андан пайда табууну уйронушунор керек. Бирок пайда табуунун аркасынан кууп калып озубуздун байлыктарыбыздан кол жууп калбообуз керек»- деп маалымат берди Кулийпа Акматова.

Андан башка да Жусуп Баласагын университетинин кызматкери Нургул Толобек кызы «Нагой протоколу» деген темада илимий тилде катышуучуларга маалымат берди.

Жергиликтуу калк ушул иш чарага ыраазы болуп коп-коп ушундай иш-чараларды откоруп тургула деп кетишти.

Даярдагандар: Сайкал Медербекова жана Айгерим Боталиева.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *