Талас облусунда 2019-жылы Улуттук Көчмөндөр оюну болуп өттү.

Кыргыз элинин көчмөн маданиятын, улуттук оюндарын жандандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Көчмөндөр оюндун жүрүшүндө » Элдик көркөм кол өнөрчүлүк, улуттук оюндар, көчмөн ашкана, боз үйдү тез чечүү конкурстары болуп өттү.

 

Көчмөндөр ашканасынын конкурсунда биринчи орунду Чүй облусунун Кемин районунун тобу жеңип алды.  Конкурска 77  түрлүү  тамак-аштар коюлган.
«Кыргыздын  улуттук  тамак-аштары  унутулуп  бара  жатканына  байланыштуу коп жылдан бери жайылтуу иштерин жүргүзүп келебиз.
Эзелтеден  кыргыз  эли өзүнүн  тамак-аш өнөрүн өз алдынча өнүктуруп келген. Улуттук көчмөндөр ашканасынан: таш-кордо, гулазык, куурма чай, бешбармак, жупка, каттама, калама, жапкан нан, май токоч, күлчөтай, быжы, чучук, жөргөм жана башка тамак аштар коюлду»- деп билдирди Джанышбаева Алтын.
Улуттук көчмөндөр оюнуна жергебиздин жети дубанынан келген топтор өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

 

Даярдаган: Нурматова Айсулуу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *