Сокулук районунун Кызыл- Туу айылынан Сарбашова Нагира Чхунджу шаарында өткөн күрөш оюндарына катышып келди.

Корея мамлекитинин Чхунджу шаарында 2-3 сентябрда Буткул Дүйнөлук Күрөш Оюндары болуп өттү. Жалпысынан 134 мамлекет катышып, ал эми 30 мамлекет алыш күрөшү боюнча катышышты.

Кыргызстандан Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынан Сарбашова Нагира катышып келди. «Корея өлкөсүнө үчүнчү жолу барышым, абдан кооз, абасы нымдуу аябай өнүккөн өлкө — деп билдирди Сарбашова Нагира.
Сарбашова Нагира 5 — апрелде 1989 — жылы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында туулган,» Спорт менен 14 жылдан бери машыгып келем, анын ичинде 8 жыл дзюдо, 6 жыл алыш бел боо күрөш, Чхунджу шаарына алыш күрөшу менен катышып келдим, 1-орун алуу оңойго турган жок»- деди Сарбашова Нагира.
Үйбүлөлүү. Бир баланын энеси. Азыркы учурда машыктыруучу кызматын аркалап келет.

Даярдаган: Джолчубекова Айдай

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *