Мугалим ардактуу кесип

Мугалим мөмөлүү дарак жана коомдун кыймылдаткыч күчү. Мугалимдик кесип түйшүктүү жана талбаган эмгек талап кылат. Билим берүү, таалим-тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган.

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында Саадаш Абдылдаева орто мектебинде көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Сарбашева Динара жөнүндө сөз болмокчу. Сарбашева Динара 1987 — жылы Фрунзе шаарындагы Кыз Келиндер Педагогикалык Институтун бүтүрүп, ошол эле жылы аталган мектепке мугалим болуп кирген. Талыкпаган эмгеги бааланып 2012 — жылы Кыргыз Республикасынын Билим жана Илим Министрлигинин «Ардак Грамота», Сокулук районунун Билим беруу бөлүмүнүн көптөгөн грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланган. Кызыл -Туу айыл өкмөтү уюштурган 2015 — жылы «Жылдын мыкты мугалими» сынагында 1 орунду жеңип, акчалай сыйлыкка ээ болгон. Кыргыз Республикасынын Баткен Ардагерлер Союзунун 2018 — жылы «Патриоттуулукка тарбиялоодо кошкон салымы» үчүң ордени менен сыйланган. Мугалимдердин кесиптик майрамында 2019 — жылы аталган министрликтен «Эл Агартуунун отличниги» намына ээ болду. Учурда аталган мектепте Кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенүүдө.

Даярдаган:  Нурматова Айсулуу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *