Дүйнөнү багынткан чемпион

Чүй облусунун Сокулук районунун Исмаил айылынын тургуну Сарбашова Нагира Казакстан Республикасынын Нур — Султан шаарында өткөн дүйнөлук чемпионатка катышып келди

Сарбашова Нагира 1989 — жылы 5 апрелде Кызыл — Туу айылында төрөлгөн. Күрош менен 14 жашынан баштап, машыгып келет. Карьерасын Дзюдо менен баштап, андан соң Алыш бел боо күрөшу менен машыгып байгелүү орундарды алып келет. Нур — Султан шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду багындырды.

«Алыш бел боо боюнча күрөш оңойго турган жок. Беларусь жана Грузия өлкөлөрүнөн келген спортчу айымдарды утуп, үчүнчү орунду алдым.» — деп билдирди Сарбашова Нагира. Учурда Кызыл — Туу айылынын Саадаш Абдылдава атындагы орто мектепте дене тарбия сабагынан мугалим болуп эмгектенүүдө. Сарбашова Нагира бир уулдун ардактуу апасы.

Даярдаган: Джолчубекова Айдай

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *