Интерактивдүү картанын бетачары болуп өттү

«Айыл Өнүктүрүү» коомдук фонду тарабынан түзүлгөн «Ак илбирсти сактайлы жана анын жашаган чөйрөсү » аттуу интерактивдүү картанын бетачары болуп өттү  

«Интерактивдүү картадан  ак илбирстин жашаган аймагын, тарыхын, мөңгүлөр, тоо чокулары, суулар, көлдөр, миф, уламыш, аудио жана видео көрсөңүздөр болот. Ак илбирс – кыргыз элинин биологиялык жана маданий мурасынын бөлүгү болуп саналат” – деп билдирди коомдук фонддун директору Акматова Күлүйпа.

“Билим берүүдө интерактивдүү картанын чоң артыкчылыгы бар. Улуттук баалуулуктарды унутпай, коомчулук менен жалпы, биргеликте иштешибиз керек” – деди Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти Токтомамбетов Алмазбек.

“Жакында Таласка ак илбирс келгенин жакшыга жорудук, ак илбирс ыйык. Дүйнө жүзү ак илбирсти сактап калалы деп аракет жасап жатышат, санын атай бербей, жыйнактуу иш алып барышыбыз керек” – деп билдирди батачы Жапаркул ата.

“Мен бул долбоорго катышканым өтө пайдалуу болду. Табиятка жакындашып, жаныбарларды сакташыбыз керек экенин үйрөндүк” – деди “Жибинин достору” клубунун мүчөсү Бектурган уулу Абубакир.

“Долбоорго биздин мектептен беш окуучу катышты. Окуучуларыбыз экологиялык билим алышып жана кыргыз элибиздин баалуулуктарын терең үйрөнүштү” – деп билдирди Талас районунун Калба айыл аймагынын Мейилкан Козубекова атындагы орто мектебинин биология мугалими Орозалиева Рахима.  Интерактивдүү картаны ушул даректен тапсаңыздар болот www.rdf.in.kg

Даярдаган: Нурматова Айсулуу

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *