Кызыл -Туу айылынын ардактуу кол өнөрчүсү

Кыргыздын улуттук баа жеткиз бренди болгон кийизди жаштайынан иштетип келген Бүбүсайра Кунасова өз өнөрүн уул кыздарына үйрөтүп келе жатат . Анын максаты ата бабаларыбыздын кийиз иштетүү  боюнча салттуу билимин унуткарбай жаштарга үйрөтүү.


-Бул өнөрдү кимден үйрөндүнүз эле ?
-Мага бул өнөрдү жаш кезимде чон апам үйрөткөн. Мен эн биринчи шырдак ойгонду , кийиз жасаганды андан кийин сайма сайганды үйрөндүм .Ал кезде мал-жандык жетиштүү  эмес  эле . Кийин малыбыз да көбөйгөндөн кийин боз үй көтөрүп баштадык .Боз үй көтөргөндө кайненем жибин ийрип ,кийиз жасаганга жардам берген . А мен болсо оюм чийимдерди соктум.
-Кийиздердин кандай түрлөрүн билесиз?
-Оро кийиз боз үйгө жапкан кийиз , ак кийиз,шырдактын кийиздерин майда кийиз деп коет.
-Жаш кезиңизде канча боз үй көтөрдүнүз?
-Жолдошум боз үйдүн жыгачын жасаса, мен шырдагын жасап,кайненем оюу-чийим, сокмолорду жасап ынтымактуулук менен алты  боз үй көтөрдүк.
-Шырдак жасоонун азыр көптөгөн түрлөрү бар , а сиз шырдакты кантип жасайт элениз?
-Шырдактарды аппак кылып чийге кийизди жасап аны акка, көккө ,болбосо кызылга,жашылга боеп ,анан экөөнү беттештирип алып оюуп, оюуп бүткөн соң кайта жөрмөп , жээк баскан соң  шырдак даяр болот.
-Балдарыңыздан ким кол өнөрчүлүк менен алек болуп кетти ?
-Бул ишти эң улуу кызым Дүйшөн улантып , кийиздин түрлөрүн жасап, сайма сайып эми кайра өзүнүн неберелерине мурас кылып үйрөтүп жатат .
Апага чың ден — соолук каалап өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.


Даярдаган: Айжан Сарыкбаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *