Кызыл -Туу айылынын ардактуу кол өнөрчүсү

Кыргыздын улуттук баа жеткиз бренди болгон кийизди жаштайынан иштетип келген Бүбүсайра Кунасова өз өнөрүн уул кыздарына үйрөтүп келе жатат . Анын максаты ата бабаларыбыздын кийиз иштетүү  боюнча салттуу билимин унуткарбай жаштарга үйрөтүү.

Читать далее «Кызыл -Туу айылынын ардактуу кол өнөрчүсү»

Кыргыздын байыркы Үркөр — Ай жылсанагы

Кыргыздын байыркы Үркөр- Ай жыл дүйнөдөдө колдонулуп жүргөн жылсанактардан айрымаланып үркөрдүн чыгышына жана Айдын сидерикалык ( планетанын Күндү толук бир айлануу мезгили) мезгилине негизделген өзгөчө астрономиялык жылсанак. Читать далее «Кыргыздын байыркы Үркөр — Ай жылсанагы»

Интерактивдүү картанын бетачары болуп өттү

«Айыл Өнүктүрүү» коомдук фонду тарабынан түзүлгөн «Ак илбирсти сактайлы жана анын жашаган чөйрөсү » аттуу интерактивдүү картанын бетачары болуп өттү  

«Интерактивдүү картадан  ак илбирстин жашаган аймагын, тарыхын, мөңгүлөр, тоо чокулары, суулар, көлдөр, миф, уламыш, аудио жана видео көрсөңүздөр болот. Ак илбирс – кыргыз элинин биологиялык жана маданий мурасынын бөлүгү болуп саналат” – деп билдирди коомдук фонддун директору Акматова Күлүйпа.

“Билим берүүдө интерактивдүү картанын чоң артыкчылыгы бар. Улуттук баалуулуктарды унутпай, коомчулук менен жалпы, биргеликте иштешибиз керек” – деди Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти Токтомамбетов Алмазбек.

“Жакында Таласка ак илбирс келгенин жакшыга жорудук, ак илбирс ыйык. Дүйнө жүзү ак илбирсти сактап калалы деп аракет жасап жатышат, санын атай бербей, жыйнактуу иш алып барышыбыз керек” – деп билдирди батачы Жапаркул ата.

“Мен бул долбоорго катышканым өтө пайдалуу болду. Табиятка жакындашып, жаныбарларды сакташыбыз керек экенин үйрөндүк” – деди “Жибинин достору” клубунун мүчөсү Бектурган уулу Абубакир.

“Долбоорго биздин мектептен беш окуучу катышты. Окуучуларыбыз экологиялык билим алышып жана кыргыз элибиздин баалуулуктарын терең үйрөнүштү” – деп билдирди Талас районунун Калба айыл аймагынын Мейилкан Козубекова атындагы орто мектебинин биология мугалими Орозалиева Рахима.  Интерактивдүү картаны ушул даректен тапсаңыздар болот www.rdf.in.kg

Даярдаган: Нурматова Айсулуу

 

О знаках или табу охоты на животных

Традиционно у древних кыргызов была своя норма при охоте на диких зверей. Охотник, кормивший свою семью и своих соплеменников, мог охотиться на диких животных в течении всей жизни не более чем на 1000 зверей.

Читать далее «О знаках или табу охоты на животных»

Атадан калган кесип

Кыргыз элинин көчмөн жашоосунда жылкысыз элестетүү кыйын. Жайлоого көчүүдө , мал кайтарганда  ата-бабаларыбыз кыргыз жылкысын колдонуп келишкен. Читать далее «Атадан калган кесип»

Талас облусунда 2019-жылы Улуттук Көчмөндөр оюну болуп өттү.

Кыргыз элинин көчмөн маданиятын, улуттук оюндарын жандандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Көчмөндөр оюндун жүрүшүндө » Элдик көркөм кол өнөрчүлүк, улуттук оюндар, көчмөн ашкана, боз үйдү тез чечүү конкурстары болуп өттү.

 

Читать далее «Талас облусунда 2019-жылы Улуттук Көчмөндөр оюну болуп өттү.»

Жаздын келиши менен Кызыл-Туу айылында ачылган алгачкы гүлдɵр

Күн  жылып, жыл мезгили алмашаары менен Кызыл-Туу аймагындагы бак-дарактар бүрдɵп, айрым гүлдɵр гүл ачууда. Айыл эли жаздын келиши менен талаа жумуштарын баштап, жаратылыштагы ɵзгɵрүүнү кубануу менен кабыл алышты. Читать далее «Жаздын келиши менен Кызыл-Туу айылында ачылган алгачкы гүлдɵр»

Нооруз майрамы

Күн менен түн тогошкон Нооруз майрамын чыгыш элдери кылымдар бою белгилеп келет. Улуу Нооруз майрамын  Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын  тургундары жана меймандары өзгөчө шаң менен белгилешти. Элди айыл  өкмөт башчысы  Замир Нурманбетов  куттуктап, ынтымак, тынчтык жана өнүгүүнү каалады. Окуучулар тарабынан концерттик программа уюштурулуп, кыргыздын улуттук каада –салттары  кɵргɵзүлдү. Читать далее «Нооруз майрамы»

90 — летие Чингиза Айтматова

Чингиз Айтматов – писатель, политический деятель, дипломат.  У кыргызского народа всегда были и есть свои герои, ставшие еще при жизни легендами. Читать далее «90 — летие Чингиза Айтматова»